БШК Бекмурза Эргешовду №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды

 БШК Бекмурза Эргешовду №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды

2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 55-шайлоо участкасы түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесинде 125 386 шайлоочу киргизилген.

№7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 14 талапкерди каттады. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу арызынын негизинде талапкер Т.Ж.Кадыровду каттоосу жокко чыгарылган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 12 талапкер катышты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө 17 арыз жана даттануулар түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – 3, ЫЧКТ -14).

Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

КР УКМКнын Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын, Ош шаарынын прокуратурасынын, КР ИИМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

Укук коргоо органдары берген маалыматка караганда, жалпысынан баардыгы болуп 26 билдирүү түшүп, бир факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен кылмыш иши токтотулган. Добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы жөнүндө каралбай калган материалдар болгон жок.

Даттануулар жана арыздар жѳнүндѳ маалыматтар менен тѳмѳндѳгү шилтеме боюнча таанышса болот:

https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/.

Ош округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде добуш берүүгө 23078 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 18,41%ын түздү.

Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй добуштарын алышты:

• Мамаев Абдилазиз Абдырахманович 910 добушалган, 3.94%;
• Танабаев Нурлан Исамидинович 108 добушалган, 0.47%;
• Бакир уулу Турсунбай 730 добуш алган, 3.16%;
• Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич 573 добушалган, 2.48%;
• Арзибаев Бекболот Осконбаевич 3 093 добушалган, 13.40%;
• Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович 1 291 добуш алган, 5.59%;
• Эргешов Бекмурза Аскарбаевич 10 097 добушалган, 43.75%;
• Абдугапаров Авазбек Абибулаевич 376 добушалган, 1.63%;
• Балтабаев Абдивали Жакыпович 208 добушалган, 0.90%;
• Лилиенталь Юлия Викторовна 337 добуш алган, 1.46%;
• Караев Эмиль Жаныбекович 564 добуш алган2.44%;
• Эргешов Ильичбек Салыевич 3 436 добушалган, 14.89%;
• Бардыгы үчүн каршы позициясы үчүн 619шайлоочсу добуш берген, 2.68%.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, укук коргоо органдарынын маалыматын эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

Связанный пост