Борбордун Ленин районуна жаңы аким дайындалды
![Борбордун Ленин районуна жаңы аким дайындалды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/whatsapp-image-2023-03-31-at-15.12.17-850x560.jpeg)
Тагаев Мураталы Абдыкарович Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.