Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагалары Бишкекте өтүп жаткан III Парламенттер аралык форумда сөз сүйлөштү
Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер» аттуу Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму өтүүдө.
Алгач, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу форумду ачып, бул парламенттер аралык форум кыска убакыт аралыгында эле маанилүү демилгелер талкууланган башкы баарлашуу аянтчасына айланганын баса белгиледи.
Андан соң Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагалары баяндамаларды жасашты.
Алсак, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев аймактык кызматташуу маселелерине токтолуп: «Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламентер аралык форуму аймактык интеграциянын негизги кыймылдаткыч күчү болуу менен бирге өз ара аракеттенүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ийгиликтүү чек ара келишими, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы үч тараптуу тарыхый келишим аймактагы туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуунун ачык символу болду десек болот. Өткөн жылы Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда да союздаш кызматташтык боюнча келишим күчүнө кирди. Бардык бул аракеттер Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту сактоого, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», – деди.
Ал эми Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева үч жылдын ичинде форум өзүнүн зарыл жана маанилүү экендигин ынанымдуу далилдегенин белгилеп: «Форум биздин мамлекеттерибиздин кызыкчылыктарын макулдашуу боюнча маанилүү диалог аянтчасына айланды. Бул жылдар аралыгында биздин өлкөлөр жогорку деңгээлдеги ишенимге жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жетише алды. Албетте, бул мамлекет башчыларыбыздын саясий эркинин жыйынтыгы. Мындай кызматташтык коопсуздук чөйрөсүнөн тартып маданий-гуманитардык алакаларга чейин бардык тармактарды камтыйт. Бул багытта парламенттер негизги ролду ойноп, бекем мыйзамдык негиз түзүү аркылуу практикалык ишке ашырууну камсыздайт. Форумдун жүрүшүндө келечегибиз үчүн эң актуалдуу маселелер талкууланууда», – деди.
Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы аймактагы өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги алакалары соода-экономикалык көрсөткүчтөрдө да айкын чагылдырылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара товар жүгүртүүсү үч эсеге өсүп, биргелешкен ишканалардын саны алты эсеге көбөйгөн.
Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали кезектеги парламенттер аралык форумдун өткөрүлүшү Борбордук Азия мамлекеттеринин кызматташууну бекемдөөгө туруктуу умтулуусун ачык айгинелеп турарын айтып: «Парламенттик дипломатияны илгерилетүү аркылуу биз өлкөлөрүбүздүн максаттарына жетүү үчүн ыңгайлуу укуктук негиздерди түзүүгө олуттуу салым кошо алабыз. Мамлекет башчыларыбыздын туруктуу жана жаратмандык саясатынын негизинде Борбордук Азия акырындык менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын аймагына айланууда. Бул жаңы атмосферадан элдерибиз чоң утушка ээ болууда. Учурда дүйнөлүк мейкиндиктеги татаал кырдаалды эске алуу менен, саясий тилектештик жана өз ара түшүнүшүү гана тынчтыкты сактоого жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө болот деп эсептейбиз», – деди.
Рустами Эмомали өз сөзүндө маанилүү окуяларга да токтолуп, 31-мартта Худжанд шаарында Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимге кол коюлушу тарыхый кадам катары баалады. Анын айтымында, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, коңшулук мамилелерди мындан ары дагы чыңдоого жол ачат. Муну менен катар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюлушу көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берип, бекем негиз түзөрүн кошумчалады.
Жыйынтыгында Рустами Эмомали форумдун кийинки отурумун Тажикстан Республикасынын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү сунуштады.
Ал эми Түркмөнстандын атынан аталган өлкөнүн Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев сөз сүйлөп, Парламенттер аралык форум регионалдык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташууну талкуулоого жана конструктивдүү чечимдерди иштеп чыгууга маанилүү платформа болуп саналарын билдирди.
«Түркмөнстан бул багытта өзүнүн бекем позициясын билдирип, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүнү жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун эң маанилүү механизми катары дайыма колдоп келет. Мындай кызматташтык саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарды толук камтыйт», – деди.