Борбордогу бир катар мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди

Борбор калаанын Ленин районунун мектеп жана бала бакчалары 2023-2024-окуу жылына карата даярдыктар улантылууда.
Акимдин орун басары Айзада Джунусова, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана райондук билим берүү борборунун директору Таалайгуль Темирканова №59, №40, №97, №79, №93, №57, №7, №82, №95, №9 жана №26 ,№28 мектепке чейинки билим берүү мекемелерин текшеришти.
Учурда билим берүү мекемелеринде куруучулар жылытуу системасынын түтүктөрүн, терезелерди, радиаторлорду алмаштырып, коридорлорду, чечинүүчү бөлмөлөрдү жана санитардык түйүндөрүн оңдоп жатышат.

Связанный пост