Борбордо жол белгилерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

 Борбордо жол белгилерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катуу шамалдан улам бузулган жол белгилерин калыбына келтирүүнү улантышууда.

 

Ошентип, бузулган жол белгилеринин көбү бийиктикте илингендер – 15 даана, алардын көбү жолдун четине учуп кеткен.

 

Мындан тышкары бак-дарактар кулаганда 10дон ашык жол белгилери кыйшайып калган.

 

Адистер жол белгилерин төмөнкү даректерде калыбына келтиришти.

– Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде – 1 даана;

– Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде – 2 даана;

– Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде – 1 даана;

– Жукеев Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде – 1 даана;

– Сүйөркулов көчөсүндө Ортосай базарынын жанына – 1 даана;

– Д.Садырбаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде – 2 даана;

– Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде – 2 даана.

 

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирүү иштери уланууда.

Связанный пост