Борбор калаанын коомдук транспорту текшерилүүдө
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Бишкек шаарынын ИИББ боюнча МККБ жана СТБ өкүлдөрү тарабынан рейд өткөрүлдү.
Муниципалдык ишканалардын жана жеке менчик ташуучу фирмалардын жетекчилери менен биргеликте аялдамаларда жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелеринин сакталышын, кыймылдуу курамдын техникалык абалын, санитардык нормалардын сакталышын текшеришти. Ошондой эле трафареттердеги аялдамалардын аталыштарынын тууралыгы текшерилди.
Навигация системасы уруксатсыз өчүрүлгөн учурда айдоочулар ишке киргизилбейт.
Рейддин максаты-айдоочуларды маалымдоо жана жүргүнчүлөрдү аялдама пункттарында гана туура отургузуу жана түшүрүү жөнүндө эскертүүлөрдү берүү.
Мындан тышкары, шаардыктар менен иш жүргүзүлүп, аларга аялдамалардагы жүрүм-турум эрежелери да түшүндүрүлдү.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча МККБнын кызматкерлери аялдамаларда токтоп турган унаалардын айдоочуларына алар токтотуу эрежесин бузуп жатканын түшүндүрүштү. Аларга эскертүү берилди.
Биргелешкен иш-чаралар жол тыгындарынын жана кырсыктардын алдын алууга багытталган.
Белгилей кетсек, рейддер байма-бай өткөрүлүп, жыйынтыгында ак ниетсиз жетекчилерге жана айдоочуларга карата тартиптик чаралар көрүлүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана айдоочуларды коомдук транспортто жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.