Борбор калаага 400 пластик жана 200 темир таштанды контейнерлери сатылып алынды

 Борбор калаага 400 пластик жана 200 темир таштанды контейнерлери сатылып алынды
«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 пластик жана 200 темир контейнер сатып алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган. 2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган.
Контейнерлер шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда. Туура эмес жерлерде таштанды чыгаруу учурлары чарбакер субъекттер тарабынан болуп жатат.

Связанный пост