Борбор калаада жашыл аянттарды зыянкечтерден коргоо иши жүргүзүлө баштады
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы 2023-жылдын 1-майынан 15-майына чейин «Шаардагы бак-дарактарды илдеттерге жана зыянкечтерге каршы комплекстүү дары-дармек менен дарылоо» программасынын негизде иш алып барууда.
Бак-дарактар шаарыбыздын экосистемасынын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, сейил бактарда эс алуу үчүн кооз, көлөкөлүү аймактарды түзүп гана тим болбостон, таза аба менен да камсыз кылуу, алардын иммунитетин сактоо жана аярлоо биздин милдет.
Жашыл аянтчада ар кандай ооруларга жана коркунучтарга дуушар болушат.
Акыркы эки жылда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен болгон талкуулардын негизинде 2023-жылдын 1-майынан 15-майына чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти менен биргеликте эки жумалык комплекстүү дары чачуу программасын ишке ашыруу чечими кабыл алынды.
«Бишкекжашылчарба» МИ тарабынан өткөрүлүп жаткан бул иш-чаранын максаты – бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо жана жакшы өсүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Дары чачуу иштери түнкүсүн айлана-чөйрөгө жана пайдалуу организмдерге зыяны жок препараттарды колдонуу менен жүргүзүлөт.
Бирок “Бишкекжашылчарба” МИси жарандардын ден соолугуна каршы көрсөтмөлөрдү болтурбоо үчүн дары чачкан жерлерден кыска убакытка алыс болууну сунуштайт.