Республиканын саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатылып алынды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында республиканын ооруканаларына бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандарды, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдашуунун себебинен өөрчүгөн бөйрөк ооруларын дарылоо үчүн сууну тазалоо системасы бар 15 көчмө гемодиализ аппаратын орнотту. Бул аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган, анын максаты COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.

Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде (БКЖ) канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары (2023-жылы чыгарылган).

Жабдуулар Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттык сактоо уюмдарына орнотулду: Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (1д.), M.M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна (1д.), Улуттук госпиталга (1д.), Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна (1д.), Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына (1д.), Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына (1д.), Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна (2д.), Чүй облустук бириккен ооруканасына (1д.), Талас облустук бириккен ооруканасына (1д.), Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына (1д.), Баткен облустук бириккен ооруканасына (1д.), Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына (1д.), Нарын облустук бириккен ооруканасына (1д.), Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борборуна (1д.).

Связанный пост