Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт

 Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт

Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт.

 

Бүгүн, 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.

 

Бул иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келет.

Связанный пост