Борбор калаада суу көп колдонулуучу объектилерде суу берүү токтотулду

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктарды ичүүчү суу менен камсыздоо абалы жакшырганга чейин суу көп талап кылынган объекттерге суу берүүнү убактылуу токтотот.

Темир жол линиясы, Кривоносов – Муромская – Алыкулов – Түндүк – Семетей – Иманалиев – Шабдан Баатыр көчөлөрү – ЧЧК түштүк тарабы – Достоевский көчөсү  менен чектешкен аймакта жайгашкан унаа жуучу жайларга, мончолорго, сауналарга, бассейндерге, ден соолукту чыңдоочу комплекстерге, килем, пух буюмдарын жууган пункттарга суу берүү токтотулду.

Ичүүчү суунун тартыштыгын алдын алуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Орто-Алыш” суу алгычындагы жер астындагы суулардын статикалык жана динамикалык деңгээлинин төмөндөшүнө, калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун начарлашына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Ишкана Бишкек мэриясынын 2023-жылдын 2-июнундагы №116-б. буйругунун негизинде иштейт.

Связанный пост