Бишкектеги №31 бала бакчаны реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкек шаарынын мэриясы курулуп жаткан социалдык объектилерге пресс-тур өткөрдү.

Пресс-турдун катышуучулары Киргизия-1 конушунда №26 бала бакчанын кошумча корпусунун  курулушу менен таанышышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр.

Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана,  изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа,  спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн зал каралган.

Тендердин жыйынтыгы менен “Гипер Строй” ЖЧКсы курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда котлован жумуштары аяктап, колоннанын негизи даярдалууда.
Экинчи объект  реконструкциялоо иштери улаып жаткан  №31 бала бакча болду.

Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо, анын ичинде ички жана тышкы инженердик тармактарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Мекеме, негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон ошондой эле ашканадан турат.
Негизги имараттын аянты 993 чарчы метр. Бала бакча 105 орунга ылайыкталган.

Эске салсак, бала бакча 2019-жылдын ноябрь айында 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы түндө кулап кеткендиктен жабылган. Бала бакчаны реконструкциялоо боюнча 2022-жылдын 11-ноябрында «Табан» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Пресс-тур Жибек-Жолу проспектиси 286 дарегинде жайгашкан мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушунун жүрүшүнүн текшерүү менен жыйынтыкталды.

Курулуштун жалпы аянты 2705,41 м2. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орунга, эркектерге -120, аялдарга -120 орунга ылайыкталган. Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай бар.
Долбоорду «Нур-Строй-Групп» ЖЧК уюму иштеп чыккан.

Бүгүнкү күндө котлованды даярдоо, бетон негизди орнотуу, пайдубал куюу, жер төлө кабатты жайгаштыруу жана ошондой эле эки бассейинди орнотуу жумуштары бүткөрүлүп, учурда жер төлө кабатынын тосмосун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплексин куруу үчүн «Лидер Хаус КК» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Связанный пост