Борбор калаада экинчи скважинаны бургулоо башталды

Өндүрүштүк планга ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек суу чарба”муниципалдык ишканасы пландалган алты скважинанын экинчисин бургулоого киришти.

Бул скважинанын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.

Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвс көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган.

Связанный пост