Жыл башынан бери камсыздандыруу төлөмдөрү 500 млн сомдон ашты

 Жыл башынан бери камсыздандыруу төлөмдөрү 500 млн сомдон ашты

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жыл башынан бери жарандарга 500 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүн 2 миңден ашык адам алган.

Ал жыл сайын камсыздандыруунун артыкчылыктарын жана маанилүүлүгүн түшүнгөн жарандардын саны көбөйүп жатканын белгиледи.

“Жыл өткөн сайын адамдар камсыздандыруунун жакшы экенин түшүнүп жатышат. Биз дагы калктын камсыздандыруунун артыкчылыктарын билишин каалайбыз”, – деди Элдияр Калдарбеков.

Связанный пост