Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен Кытайдын Төрагасы Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөт отургузушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду.
Салтанат биринчи “Борбор Азия – Кытай” Саммити аяктагандан кийин болуп өттү.
Мамлекет башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.