Боорду алмаштыруу операциялары президенттик фонддон каржыланат

 Боорду алмаштыруу операциялары президенттик фонддон каржыланат

“Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланат”, – деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Анын айтымында, боорду алмаштыруу боюнча бир операция 25-30 миң долларды түзөт.

 

“Бардык муктаждар үчүн боорду алмаштыруу боюнча процедураларды жеткиликтүү кылуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын жеке фондунан каржылоо чечимин кабыл алган”, – деди ал.

 

Ошондой эле саламаттык сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча программанын ийгиликтүү башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөнүн белгиледи.

 

“Бул каражаттар кыргыз-түрк достук ооруканасына керектүү жабдууларды сатып алуу жана орнотууга, медициналык процедуралардын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандарттарын камсыз кылууга багытталган”, – деди Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциялары жасалат. Операциялар кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүргүзүлөт.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост