Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү
Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан маалымдашты.
24-март күнү, саат 12:55те Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 14:10дө өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.