Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү

 Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү

Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан маалымдашты.

24-март күнү, саат 12:55те Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 14:10дө өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.

 

Связанный пост