Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
![Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/04/6299e9c95727f_2022-06-03__13_00_26_xsiyckiebr5mkk83-850x560.jpeg)
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 24-апрелинен 28-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.