Биз “Киргизия” эмеспиз. Биз – Кыргызстанбыз: Кыргыз жаратмандары интернетте өлкөнүн орус тилиндеги атын оңдоп жатышат

 Биз “Киргизия” эмеспиз. Биз – Кыргызстанбыз: Кыргыз жаратмандары интернетте өлкөнүн орус тилиндеги атын оңдоп жатышат

Кыргызстан-бул өлкөнүн орус тилиндеги туура аталышы, аны анын тургундары көптөн бери колдонуп келишкен жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган. Өлкө 30 жылдан ашуун убакыттан бери көз карандысыз болгонуна карабастан, көптөгөн орус тилдүү ЖМКлар, блоггерлер жана расмий бийликтер туура эмес аталышты – Киргизия деп атап улантууда, муну чет өлкөлүк орус тилдүү популярдуу влоггерлердин видеолордон көрсөк болот. Россиялыктар Кыргызстанга  мобилизация толкунунда келгенде өзгөчө актуалдуу болуп калды.

Орус тилинде дагы жазылган өлкөнүн Конституциясы боюнча өлкө Кыргызстан же “Кыргызская Республика” (Кыргыз Республикасы) деп аталат. Ошондуктан “Киргизия” деп атоо туура эмес.

Birtops креативдик агенттиги көз карандысыз программисттердин командасы менен биргеликте веб-браузер үчүн атайын кеңейтүүнү түзүштү, ал колдонуучулар тарабынан орнотулгандан кийин тармакта өлкөнүн туура эмес аталышы “Киргизия” дегенди чийип жана аны ордуна “Кыргызстан” деп кошуп оңдойт. Кеңейтүү Google Chrome браузердин веб-версиясында иштелип чыккан.

 Креаторлор демилгени колдогон кыргызстандыктар менен бирге орус тилдүү дүйнөнү өлкөнү Киргизия эмес, Кыргызстан деп атоого чакырышууда. Кээ бирөөлөр үчүн каприз же башаламандык болуп көрүнгөн нерсе, бул өлкөнүн жашоочулары үчүн өлкөнүн атын өзү аныктоо укугун коргоо эле эмес – тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу менен жакшы окуялардан сырткары бир катар саясий куугунтуктар, репрессиялар жана маданий иденттүүлүктү басууну алып келген колониялдык советтик доорунунан айрылууну билдирет.

Демилгенин максаты – көзкарандысыз өлкө орус тилинде кандайча туура аталып жаткандыгы жөнүндө жалпы позицияны билдирүү жана орус тилдүү Интернетте өлкөнүн туура эмес аталыштарын оңдоону тездетүү.

Колдонуучулар кеңейтүүнү орнотуп, change.org сайтындагы петицияга кол кое алышат. Кол чогултуу мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, орус тилдүү медиаларга жана Википедияга расмий түрдө өзгөртүү талабын жөнөтүшөт.

Демилгечилер интерфейстерге, классификаторлорго, ошондой эле академиялык сөздүктөргө жана энциклопедияларга оңой өзгөртүүлөрдү киргизип, тилдин эрежелерине негизсиз каршы пикирлерге жана кайрылууларга карабастан, орус тилдүү Медиада жана Википедияда өлкөнүн туура аталышын бекемдөөгө салым болот деп ишенишет.

Связанный пост