Бишкектин мэриясы ЕӨБ менен МЖӨ аркылуу шаарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол койду

 Бишкектин мэриясы ЕӨБ менен МЖӨ аркылуу шаарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол койду

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин “Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин колдонууга көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Документке Сочи шаарында өтүп жаткан Евразиялык конгресстин алкагында кол коюлду.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, меморандумга кол коюу заманбап дүйнөлүк  чакырыктарга жооп берген инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү максатында келечектүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга шарт түзөт.

Евразия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан таштандыларды кайра иштетүү комплексин куруу долбоору муниципалдык бийликке Бишкек шаарынын маанилүү узак мөөнөттүү маселесин чечүүгө, таштандыларды башкаруунун жаңы системасын түзүүгө жана жол-жобосун бекитүүгө, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын көмүүнүн эскирген моделинен таштандыларды этап менен иштеп чыгуу боюнча  жаңы прогрессивдүү методологияга революциялык өтүүгө мүмкүндүк берет.

Кол коюунун жүрүшүндө тараптар долбоорлорду даярдоо, долбоорго чейинки документтерди даярдоону каржылоо, анын ичинде катуу калдыктарды башкаруу секторунда МЖӨ боюнча мыкты тажрыйбаларды ишке ашырууга макулдашышты.

Связанный пост