Бишкектин мэри шаар тургундарына кызыл китептерди тапшырды

 Бишкектин мэри шаар тургундарына кызыл китептерди тапшырды

Борбор калаанын муниципалитетинде жер амнистиясынын объектилерине берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Документтерди борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров тапшырып,  шаардыктар ондогон жылдардан бери үйлөрүн, жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келгенин баса  белгиледи.

«Президент С.Жапаровдун чечиминин аркасында эл көптөн күткөн документтерин алууда. Кызыл китептин алгачкы ээлери- сиздерди куттуктайм. Сиздер  узак жана татаал жолду басып өттүңүздөр. Сиздердин тажрыйбаңыздар башка шаар тургундарына документ алууга жардам берет», – деди шаар  мэри.

Белгилей кетсек, райондук администрацияларда атайын түзүлгөн комиссиялар иштеп, алар иш кагаздарын даярдоого катышат. Комиссия Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291  «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун  негизинде иш алып барышат.

Связанный пост