Бишкектин четинде дээрлик 3 млн сомдук газ түтүктөрүн уурдап кетишкен

 Бишкектин четинде дээрлик 3 млн сомдук газ түтүктөрүн уурдап кетишкен

Аламүдүн районунда өзгөчө ири өлчөмдө уурулук кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 13-мартта “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын жетекчилиги милицияга кайрылып, 23-25-февралда Мыкан жана Садовое айылдарынын ортосунда жер алдына көмүлгөн газ трубаларын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 2 млн 970 миң сомду түзгөн.

 

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

 

Ошентип, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган, алар 1986-жылы туулган Х.Р., 1981-жылы туулган Ы.Д. болушкан. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Связанный пост