Бишкектин борборундагы мыйзамсыз орнотулган объекттер демонтаждалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы өз ыйгарым укуктарынын алкагында муниципалдык жерлерди мыйзамсыз жайгаштырылган объектилерден бошотуу иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүгө Тыныстанов көчөсү, 197/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочусунун кире бериш бөлүктөрү жана бастырмалардын мыйзамдуу жайгаштырылышы боюнча кайрылуусу негиз болгон.

21-майда башкармалыктын кызматкерлери объект ээлерине укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтерди тапшыруу талабы коюлган билдирүүлөрдү жиберген. Бирок менчик ээлери тарабынан башкармалыкка эч кандай документ берилген эмес.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлдөрү жана шаардык кызматтардын катышуусунда комиссиялык текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында “24.kg” маалымат агенттиги, “M-Maxima” компаниясы жана GetGrant билим берүү борбору жайгашкан объектилердин алдындагы бастырмалар жана кире бериш конструкциялар тиешелүү уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерсиз өз алдынча орнотулганы аныкталган.

Бул факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, андан соң мыйзам бузууларды өз ыктыяры менен жоюу талабы менен объект ээлерине доо кат жөнөтүлгөн.

Учурда башкармалык тарабынан мыйзамсыз орнотулган конструкциялар мажбурлап демонтаждалууда.

Демонтаж иштеринин жүрүшүндө “24.kg” маалымат агенттиги жайгашкан бөлмөгө алып баруучу жеңил металл тепкичтин конструкциясы жашыл бак-дарактарга, тактап айтканда, даракка зыян келтиргени аныкталган.

Аймак тазалангандан кийин бул жерде жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 2025-жылы 8 миңден ашык объект демонтаждалган. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 миңден ашык объект алынган.

Бишкек мэриясы объект ээлерине жана ишкерлерге тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз кире бериш конструкцияларды, бастырмаларды, кошумча курулуштарды жана башка конструкцияларды курууга тыюу салынарын эскертет. Ошондой эле муниципалдык жерлердин эсебинен пайдаланылып жаткан аймакты өз алдынча кеңейтүүгө жол берилбейт.

Связанный пост