Бишкектен Казанга каттамдарды көбөйтүү пландалууда

 Бишкектен Казанга каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып Бишкектен Казаньга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

Каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат.

Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарышууда.

Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайбыз.

Связанный пост