Бишкектеги жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн $6,9 млн бөлүнөт

 Бишкектеги жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн $6,9 млн бөлүнөт

Бишкектеги жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн $6,9 млн бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору жактырылды.

 

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулуктармагы” 5 025 имаратты жылытуу максатында жылуулук энергиясы менен камсыз кылууда, алардын ичинен: 3 500 көп батирлүү турак үйлөр, 1 100 жеке турак үйлөр, 2 318 коомдук имараттар.

 

Баяндамачы азыркы учурда көпчүлүк өткөргүч түтүктөр иштөө ченеминин мөөнөттөрү аяктап, алмаштырууну талап кыларын белгилеп: “Тармактардын техникалык абалы өтө эскирген абалда, 75%дан ашыгы 25 жылдык ченемдик эксплуатациялоо мөөнөтүн иштеп бүттү”, – деди.

 

Буга байланыштуу аталган макуладушуунун долбоорунда белгиленген бардык иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн 6,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча кредиттик каражаттар бөлүнөт. Насыя төмөнкү шарттарда берилет: төлөө мезгили – 50 жыл, жеңилдетилген мезгил – 10 жыл, пайыздык чени – 0%.

 

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аларды өздөштүрүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү сунушташты.

 

Ошондой эле карызга алынган каражаттардын кайтарымдуулугун камсыз кылуу үчүн берилген жеңилдетилген мезгил аралыгында жылуулук менен жабдуучу компания тарабынан максималдуу активдүү иштерди жүргүзүүнү табышташты.

Связанный пост