Бишкектеги жол тыгындарын эми жасалма интеллект жөнгө салат

 Бишкектеги жол тыгындарын эми жасалма интеллект жөнгө салат

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкек мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” жана кыргызстандык Doroga стартапы борбор калааны санариптик өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Окуу жайдан билдиришкендей, бул максатта Doroga компаниясы иштеп чыккан “Атлас” санариптик платформасы колдонулат. Платформа Бишкектин көчөлөрүн, жол кесилиштерин, жол чырактарын жана коомдук транспорт каттамдарын камтыган шаардын санариптик моделине негизделген.

Жасалма интеллект транспорт агымын талдап, жол тыгындары кайсы жерде жана качан пайда болушу мүмкүн экенин алдын ала болжолдойт. Бул шаардык кызматтарга ар кандай чечимдерди алгач виртуалдык чөйрөдө сынап, андан кийин гана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун башкы максаты — жол тыгындарынын алдын алуу.

“Атлас” жарандарга жолго чыгууга ыңгайлуу убакытты жана көздөгөн жерине жетүүнүн эң натыйжалуу жолдорун сунуштайт. Ал жөө жүрүү, коомдук транспорт, жеке унаа же башка жүргүнчүлөр менен биргелешип баруу мүмкүнчүлүктөрүн эске алат. Платформаны колдонгондор көбөйгөн сайын транспорт агымын туура бөлүштүрүүгө жана жолдордогу жүктөмдү азайтууга шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында кыргыз жана орус тилдеринде иштеген ата мекендик санариптик карта өнүктүрүлөт. Топтолгон маалыматтарды талдоо аркылуу шаардын кайсы аймактарында мектептерге, бала бакчаларга жана медициналык мекемелерге муктаждык бар экенин аныктоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бардык маалыматтар анонимдештирилип, Кыргызстандын аймагында сакталат.

“Меморандумга КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, “Санариптик технологиялар борборунун” директору Жумамүдүн Жумалиев жана Doroga компаниясынын башкаруучу директору Бакыт Жетигенов кол коюшту”,-деп айтылат маалыматта.

Кызматташтыктын негизги милдети — жасалма интеллекттин жардамы менен Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу жана транспорт кыймылын натыйжалуу уюштуруу.

Связанный пост