Бишкекте жыл башынан бери 18 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулду

 Бишкекте жыл башынан бери 18 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулду

Бишкек шаарында жыл башынан бери 17 миң 872 “акылдуу” эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Ленин району –6525 даана;
  • Свердлов району –3284 даана;
  • Первомай району –8115 даана.

Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2025-жылы 28 миң “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалган. Калганы жыл аягына чейин орнотулат.

Связанный пост