Бишкекте жолдун нугуна түшкөн үй ээлерине ипотека аркылуу үй сунушталууда

 Бишкекте жолдун нугуна түшкөн үй ээлерине ипотека аркылуу үй сунушталууда

Жолдун нугуна туш келип калган колунда мамлекеттик документи бар, мыйзамдуу объекттерге мамлекеттик ипотекалык компаниялардан үйлөр сунушталып жатканын Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жолдун нугуна туш келип калган үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча Бишкек мэриясы тарабынан бир катар сунуштар берилүүдө.

“Айланма жолду курууда бир топ үйлөр алынды. Андан тышкары, калаанын Профсоюз көчөсүндө 4 үйдүн маселеси учурда каралууда. Ушундай жолдун нугуна түшүп калган үйлөр боюнча тийиштүү сунуштар берилип жатат. Бул мыйзамдуу түрдө колунда документти бар үйлөргө гана каралат”,- деди департамент директору.

Ошондой эле ал таштанды полигону, суунун коргоо зонасы, ЖЭБдин күл төгүүчү жайынын коргоо зонасы, бакчалардын аймагы сыяктуу коргоо зоналарына жайгашып калган турак жайлар бар экендигин кошумчалады.

Басымдуу кошулган аймактарды жерлер айыл чарба багытындагы жерлер. Президент өзүнүн чечими менен Жер укуктарын жөнгө салуу тиешелүү мыйзамы 2022-жылы чыккандан кийин минкаб тарабынан Мунапыс жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо чыгып, ошондон бери 37 миңден ашык кайрылуу болгон. Анын ичинен 14 миңге жакын жарандын маселеси чечилди. Калган 9 миндин тегерегинде жарандын маселеси бүгүнкү күндө каралып жатат.

Связанный пост