Бишкекте ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындары өтөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) катчылыгынын жетекчиси Сергей Поспеловду кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда май айында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУ ПАнын кезектеги жыйынынын программасы талкууланып, карала турган маселелердин долбоорлору тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттер менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келе жатканын белгилеп: “Анын ичинен парламенттер аралык байланыштар мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга гана өбөлгө түзбөстөн, уюмдун алкагында жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөкчү болуп келет. Ага ылайык, Бишкекте өтө турган жыйында да маанилүү маселелер талкууланып, керектүү чечимдер кабыл алынат деген терең ишеничтебиз”, – деди.

Өз кезегинде ЖККУ ПАнын катчылыгынын жетекчиси Сергей Поспелов алдыдагы жыйындын күн тартиби тууралуу кеңири маалымат берип, жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери жогорку деңгээлде экенин кошумчалады.

Муну менен катар жолугушууда билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, аталган багыттагы алакаларды арттырууга тиешелүү моделдик мыйзам долбоору Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен биргеликте даярдалып жатканы айтылды.

Связанный пост