Бишкекте XVII Эл аралык “Оймо-2023” фестивалы башталат
27-июлда Бишкекте “Оймо-2023” XVII Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталат. Жыл сайын июль айынын акыркы жумасында Бишкекте башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.
2006-жылдан бери “Орто Азия кол өнөрчүлүктү колдоо ассоциациясынын Кыргызстандагы ресурстук борбору – CACSARC-kg”
коомдук фонду өткөрүлүп келе жаткан “Оймо” фестивалы ийгиликтүү мамлекеттик-жеке
өнөктөштүктүн үлгүсү болуп саналат.
Эл аралык «Оймо» фестивалдын максаттары:
– Кыргызстанды экологиялык таза жана маданий туризмдин өлкөсү катары таанытуу;
– Улуттук жана региондук кол өнөрчүлүк рыногун өнүктүрүү;
– Кыргызстан менен Борбордук Азия элдеринин маданий мурастарын сактоо;
– Мурас негизинде курулган чыгармачыл бизнес тармактарды колдоо.
Фестивалда кол өнөрчүлүк жарманкесин, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү, этно-мода көргөзмөлөрүн, эко-акцияларды көрүүгө болот. Конференцияларга, тегерек столдорго, музыкалык программаларга катышып, салттуу ашканадан даам татып, каада-салттарды жана ырым-жырымдарды көрсө болот.
Белгилей кетсек, “Оймо” эл аралык фестивалы Кыргызстандын жана Борбордук Азиядагы көптөгөн туристтик фирмалардын календарлык пландарына киргизилген. 2019-жылы эл аралык «Оймо» фестивалы Кыргызстандагы эң мыкты туризм долбоору деп белгиленген.
Фестивалга 2006-жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан,
Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ, Мексикадан келген кол
өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ишкерлер катышууда.