Бишкекте Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленди

 Бишкекте Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленди

2022-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Анда, Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана борбордун конокторуна саптык ыкмаларды жана дефилелерди көрсөтүштү. Ал эми “Пантера” атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары Кыргыз Республикасынын, Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиянын жана Бишкек шаарынын туулары менен “Ала-Тоо” аянтына парашют менен түшүштү.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын күнү белгиленет.
1992-жылдын 20-июлунда Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи гвардиячылары Ата-Мекенге берилгендигине ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен.
Улуттук гвардия – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1991-жылы декабрь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияга ылайык эгемендүү мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Улуттук гвардия өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө бөлүгү. Улуттук гвардиянын катарында кызмат өтөө ардактуу жана жоопкерчиликтүү. Гвардиянын катарында кызмат кылуу үчүн олуттуу тандоодон өтүү керек, жакшы физикалык даярдыгына жана чыдамкайлыгына өзгөчө көңүл бурулат.

Связанный пост