Бишкекте троллейбустар текшерилди
Бишкекте троллейбустар текшерилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн өкүлдөрү менен биргеликте троллейбустардын техникалык жана санитардык абалын текшерүү максатында рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө бардык негизги параметрлер, анын ичинде электр жабдууларынын абалы, тормоздук системалар, дөңгөлөктөр, кузов жана жүргүнчүлөрдү коопсуз жана ыңгайлуу ташууну камсыз кылган башка техникалык түзүлүштөр текшерилди.
Мындан тышкары салондордун жана санитардык түйүндөрдүн санитардык абалы текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, троллейбустардын басымдуу бөлүгү белгиленген стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берет. Бирок, жакынкы мезгилде четтете турган айрым кемчиликтер аныкталды.
Бишкек троллейбус башкармалыгы транспорт шарттарын жакшыртуу иштерин улантууда. Кызматкерлер коопсуздуктун жана санитариянын жогорку стандарттарын сактоо үчүн мындай текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүшөт.