Бишкекте тиш догдурда чарчап калган кичинекей кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

 Бишкекте тиш догдурда чарчап калган кичинекей кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте жеке тиш догдурда чарчап калган 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу агенттикке шаардын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы) боюнча кылмыш иши козголгон.

 

“Учурда териштирүү иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралды. Кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост