Бишкекте сот аткаруучу тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды

Бишкекте сот аткаруучу тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схема Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан уюштурулган.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган жаран тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө.

УКМК коррупциянын бардык фактыларына, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттерге катуу бөгөт коюларын эскертет.

Связанный пост