Бишкекте отканаларды катуу отундан газ менен жылытууга өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө

 Бишкекте отканаларды катуу отундан газ менен жылытууга өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Ленин акимиаты отканаларды катуу отундан (көмүр) газ менен жылытууга өткөрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынан алынган маалыматка ылайык, курулуш иштери 15-августка чейин бүткөрүлөт.

Көмүрдүн күйүүсүнөн улам атмосферанын булганышы ден соолук үчүн өзгөчө коркунуч жаратат.

Отканаларды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүүдө абанын булганышы бир топ азаят, ошондуктан муниципалдык администрация тургундарга жылуулуктун бул альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайт.

Связанный пост