Бишкекте мыйзамсыз сатылган 1,5 тонна күйүүчү-майлоочу май алынды
Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы, мамлекеттик Салык кызматы жана милициянын Патрулдук кызматынын башкармалыгы борбор калаада мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май саткандарды аныктоо боюнча рейд жүргүздү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 1 тонна 525 литр күйүүчү-майлоочу май алынган. Жол боюнда соода кылган соода түйүндөрүнө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом айып пул салынды.
Белгиленгендей, буга чейин соодагерлерге эскертүүлөр берилип, актылар түзүлүп, сатуу иштери токтотулушу керектиги айтылган. Күйүүчү майларды мындай жол менен сатуу өрттүн чыгуу коркунучун, жол кыймылындагы тартипсиздиктерди жана башка кооптуу кырдаалдарды жаратары белгиленген.
Ошондой эле катуу отунду саткан түйүндөр аныкталып, Муниципалдык инспекция тарабынан жолдун үстүн булгоого жол бербөө боюнча чараларды көрүү жөнүндө көрсөтмөлөр берилген.
Аны менен катар көпчүлүк сатуучулар соода жүргүзүү максатында, дарактарга күйүүчү майдын баасы жана төлөм реквизиттери көрсөтүлгөн такталарды илип, дарактарга зыян келтиришкендиги аныкталып, инспекция такталарды алып салганы маалым болду.
Эске салсак, күйүүчү майды мыйзамсыз саткан сатуучуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.