Бишкекте муниципалдык инспекция тыюу салынган заттарды өрттөө  фактыларын аныктоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө

 Бишкекте муниципалдык инспекция тыюу салынган заттарды өрттөө  фактыларын аныктоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө

Муниципалдык инспекция тарабынан эко текшерүү иштери улантылып, тыюу салынган заттарды өрттөө  фактыларын аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Бир  жуманын ичинде  «Дем», «Сохо», «Альбатрос», «Бодрость» жана башка жеке чарбалар сыяктуу 20дан ашык мончолорду текшерди. Тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныктала элек.

Бирок Ахунбаев көчөсү, 14/2 дарегиндеги “Датка” мончосунун айланасында тазалык эрежелери сакталбаганы катталган. Бул боюнча инспекция тарабынан аларга карата КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча 13 миң сомго протокол түзүлдү.

Ошондой эле текшерүү учурунда зыяндуу заттарды өрттөөгө тыюу салуу боюнча   түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө  «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

Связанный пост