Бишкекте мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө

 Бишкекте мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө

Биринчи май райондук администрациясынын жетекчилиги, билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү борборунун директорлору райондогу билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө титулдук тизмеге ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгы  тарабынан 6 мектеп, 5 бала бакча жана Балдар чыгармачылык борборунда   жылуулук системасын оңдоо, чатырын жабуу, электр зымдарын алмаштыруу, жуунучу жайларды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ага шаардык бюджеттен 34 млн 812,5 миң сом бөлүнгөн, ошондой эле курулуш материалдарын сатып алууга жана кызмат көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттен 9 млн 074,9 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында мектептердин, бала бакчалардын жылуулук эсептегичтерин текшерүүгө жана элеватор түйүндөрүн алмаштырууга 3 млн 179 миң 900 сом каражат бөлүнгөн,  ошол эле учурда,  №№99, 101 мектептерге жана №1, 31 бала бакчага коопсуздук  баскычтары орнотулат.

Учурдагы иштер графикке ылайык жүрүп жатат жана окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлөт.

Связанный пост