Бишкекте мектептерде жаңы окуу жылына 1- жана 2-класстарга кошумча орундар ачылат

Эртең, 23-майда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө.
Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган:
- №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия
- №10 жалпы билим берүүчү орто мектеп
- №13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназия
- №12 Л.В. Толстунов атындагы орто мектеп-гимназия
- №17 А.С. Пушкин атындагы орто мектеп
- №20 Г. Алиев атындагы орто мектеп
- №26 орто мектеп
- №29 орто мектеп
- №37 орто мектеп
- №40 орто мектеп
- №41 орто мектеп
- №44 орто мектеп
- №56 орто мектеп
- №62 орто мектеп
- №63 Ч. Айтматов атындагы орто мектеп
- №64 орто мектеп
- №75 орто мектеп
- №82 орто мектеп
- №84 Ж. Садыков атындагы орто мектеп
- №88 орто мектеп
- №92 орто мектеп
- №102 И. Арабаев атындагы орто мектеп
- №119 орто мектеп