Бишкекте мектептеги бомба тууралуу жалган маалымат тараткан окуучулар аныкталды

 Бишкекте мектептеги бомба тууралуу жалган маалымат тараткан окуучулар аныкталды

Бишкекте мектепке “бомба коюлду” деп жалган маалымат тараткан окуучулар аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, бүгүн, 31-мартта WhatsApp мессенжериндеги 5- жана 7-класстын окуучулары үчүн түзүлгөн топтук чаттарда мектепке жардыргыч заттар коюлгандыгы тууралуу үн билдирүүлөрү тараган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул билдирүүлөрдү мектептин окуучулары таратканы аныкталды.

Белгиленгендей, ИИМдин Кинологиялык кызматы мектептин имаратын жана аймагын кылдат текшерип, эч кандай жардыргыч же ок атуучу заттарды тапкан жок. Учурда бул факт боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“УКМК ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен дайыма түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө жана алардын жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө, онлайн активдүүлүгүнө, соцтармактагы байланыштарына жана кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурууга чакырат”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост