Бишкекте Манас айылынын жанында жаңы жол жана тротуар салынууда

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы учурда Манас айылы көчөсүн бойлото жол жана тротуарды куруу иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Эски асфальттарды сүрүү иштери жүрүп, курулуш таштандылары чыгарылууда.

Жолдун эки тарабына тротуар, ирригациялык системалар курулуп жатат. Учурда жер кыртышын толтуруу жана пайдубалын даярдоо иштери жүрүп жатат.

Ч.Айтматов проспектисинин жээгиндеги тротуарда бригада бордюрду даярдоону жана аларды орнотууну аяктады.

Бүгүнкү күндө узундугу 400 погон метр, туурасы 3 метрди түзгөн тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Связанный пост