Бишкекте майда көмүрдү колдонууга тыюу салынды

Бишкек жана Чүй облусунда майда бөлүкчөлүү көмүрдү колдонууга тыюу салынды.
Министрлер кабинети 2025-жылдын 6-октябрында №639 токтомуна ылайык, Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында 0–13 мм фракциядагы майда көмүрдү колдонууга тыюу салды. Бул токтом “Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө” деп аталат.
Токтомго ылайык:
- Ушул өлчөмдөгү көмүрдү алып келүү, сатуу, сактоо жана пайдаланууга тыюу салынат,
- Бир гана жылуулук берүүчү ири ишканаларга жеткирүү өзгөчө уруксат менен калат.
«Отсев» деп аталган бул майда көмүр — 13 ммге чейинки бөлүкчөлөрдөн турат. Анын жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү төмөн, көп чаң пайда кылат жана турмуштук колдонууда абанын булганышын күчөтөт.
Токтомду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдарга тапшырылды:
- Тыюу салынган фракциядагы көмүрдү колдонбоого көзөмөлдү күчөтүү;
- Колдонууга уруксат берилген көмүрдү сатуу пункттарын уюштуруу;
- Калк арасында экологиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Ошондой эле, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасын көзөмөлдөө жана негизсиз жогорулатууга жол бербөө тапшырмасы берилди.
Бул чечимдин максаты — атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу, зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу.