Бишкектеги эки кичи район ЖЭБден бөлүнөт
Бишкектеги эки кичи район ЖЭБден бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Насипбек Керимов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдан бери Бишкек шаарындагы жылуулук маселеси мэрияга өткөн. Ошол себептен бул жаатта иштер жүрүүдө. Энергетиктер шаарчасы менен 10-кичи районду пландардын алкагында Бишкек шаарынын жылуулук борборунан бөлүнүп, газдаштырылат.
“Бул ыкма жылуулуктун сапатын жакшыртат. Анткени бул жерлерде басым төмөн болчу. Ал жердеги отказандар жаратылыш газына которулду. Бүгүнкү күндө “Газпром” ишканасы менен иш алып барып жатабыз. Эч кандай маселе жок. Тарифтер буга чейин кандай болсо ошол бойдон калат. Бирдиктүү элге коюлган 1950 сомдук тариф калтырылат”, -деди ал.