Бишкекте коомдук транспортту аялдамаларда токтотуу эрежелеринин сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү

 Бишкекте коомдук транспортту аялдамаларда токтотуу эрежелеринин сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейддин максаты – айдоочуларга маалымат берүү жана жүргүнчүлөрдү туура отургузуу жана түшүрүү боюнча эскертүүлөрдү берүү. Мындан сырткары аялдамадагы жүргүнчүлөргө да аялдамалардагы жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү.

Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери аялдамаларда токтоп турган унаалардын айдоочуларына токтоо эрежесин бузгандыктарын түшүндүрүштү. Аларга эскертүүлөр берилди.

Биргелешкен иш-чаралар жол тыгындарын жана кырсыктарды алдын алууга багытталган.

Рейд саат 8.00дөн 10.00гө чейин эки жумада бир жүргүзүлүп турат.

Связанный пост