Бишкекте күн сууктап, кар жаайт
 
			
    Бишкекте жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктап, кар жаайт.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн, 31-октябрда борбор калаада күн жылуу. Күндүз абанын температурасы +18…+20°С, жаан-чачын күтүлбөйт.
1-ноябрь, ишемби
Түнкүсүн +3…+5°С, күндүз жаан жаайт, абанын температурасы +7…+9°С чейин төмөндөйт.
2-ноябрь, жекшемби
Аба ырайы кайра жылуулайт: түнкүсүн +1…+3°С, күндүз +14…+16°С.
3-ноябрь, дүйшөмбү
Түнкүсүн 0…+2°С, күндүз ала булут каптайт, күндүз абанын температурасы +14…+16°С.
4-ноябрь, шейшемби
Аба ырайы сууктайт, түнкүсүн -1…+1°С, күндүз жаан карга айланат, температура +3…+5°С.
5-ноябрь, шаршемби
Түнкүсүн -1…-3°С, күндүз кар жаайт, температура +2…+4°С.
6-ноябрь, бейшемби
Түнкүсүн -3…-5°С, күндүз ала булут каптап, кар жаайт, +2…+4°С.
 
								 
                                     
                                    