Бишкекте күбөлүгүнөн ажыратылган айдоочу өспүрүмдү сүзүп кетти
Бишкекте мурда мас абалында унаа башкарганы үчүн соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган автобус айдоочусу жашы жете элек баланы сүзүп, ал ооруканада каза болду.
Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн саат 09:00 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.
1977-жылы туулган М.Б. “ZHONG TONG” үлгүсүндөгү автобусту башкарып бара жатып, оңго бурулуп жаткан учурда жолдон өтүп бара жаткан 2016-жылы туулган М.А. сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен жашы жете элек бала оор жаракат алып, Тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Алдын ала маалымат боюнча, автобус айдоочусу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.