Бишкекте «Эскерүү оту» эл аралык акциясы өттү

2023-жылдын 7-майында «Эскерүү оту» эл аралык акциясынын алкагында Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы, аскер кызматынын ардагерлери, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери, Кыргызстандагы Роскызматташтыктын, Россия Федерациясынын аскердик-дипломаттык корпусунун, волонтердук жана издөө кыймылдарынын, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундардын катышуусунда Бишкек шаарынын «Баатырлар Аллеясы» мемориалдык паркында Москва шаарындагы белгисиз жоокердин эстелигинен алынып келинген өчпөс оттун бөлүкчөсүн кабыл алуу салтанаты болуп өттү.

Акциянын максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду аскердик-атуулдук багытта тарбиялоо жана кыргызстандыктардын эрдиктерин эскерүү болуп саналат.

Эске салсак, буга чейин «Эскерүү оту» эл аралык акциясы Ош шаарында өткөрүлгөн.

Связанный пост