Бишкекте электросамокаттарга көзөмөлдү күчөтүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Бишкекте электросамокат, скутер жана мопеддердин жүрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүп, аларды каттоо жана колдонууга чектөө киргизүү маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, борбор калаада бул транспорт каражаттарынын катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар жаракат алып, адам өлүмүнө жеткирген окуялар да катталууда.
Ал жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кандай чараларды көрүп жатканын сурап, тротуарларда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле депутат электросамокат, скутер жана мопеддерди каттоо, алардын жүрүү эрежелерин күчөтүү жана айрым чектөөлөрдү киргизүү маселесин кароого чакырды.