Амирдин өлүмү: ӨКМде бир катар жетекчилер кызматтан алынып, кылмыш иши козголду
Өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөлдөө башкармалыгы “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болуу жагдайларын, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан издөө-куткаруу иш-чараларынын уюштурулушун жана өткөрүлүшүн текшерди.
Хронология:
- 7-ноябрь, 2026-жыл, саат 19:02— 112 бирдиктүү шашылыш кызматтардын номерине тоолуу жерде түшүп бара жатып багытын жоготкон жашы жете элек өспүрүмдөн куткаруучуларга жардам сурап кайрылган билдирүү түшкөн.
- 9-ноябрь— Электро чокусунун районунда издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдүн сөөгү табылды.
Текшерүү ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, маалыматты өз убагында өткөрүп берүүдө, куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук контролдо олуттуу кемчиликтерди аныктады. Атап айтканда, окуя тууралуу маалыматтын ӨКМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилигине өз убагында жеткирилбегендиги, нөөмөт кызматтары менен куткаруу топторунун ортосунда өз ара аракеттенүү жетишсиз болгондугу, ошондой эле издөө-куткаруу иш-чараларын уюштурууда жана координациялоодо кемчиликтерге жол берилгендиги боюнча фактылар аныкталды.
Аныкталган жагдайлар уюштуруучулук жана кадрдык чараларды кабыл алууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Президент Садыр Жапаровдун чечими менен өзгөчө кырдаалдар министри Канат Чыныбаевге ишти уюштурууда олуттуу кемчиликтерге жол берилгендиги жана өзүнө караштуу бөлүмдөрдө ведомстволук көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн катуу сөгүш жарыяланды.
- Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев ээлеген кызматтарынан бошотулду.
- Мындан тышкары, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов ээлеген кызматынан бошотулду.
Кабыл алынган тартиптик жана кадрдык чаралар менен катар окуяга укуктук баа берилет. Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алкагында окуянын жагдайлары, жашы жете элек өспүрүмдү куткаруу үчүн кабыл алынган чаралардын өз убагында жана толук болушу, ошондой эле ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын аракеттери жана аракетсиздиги ар тараптуу изилденет. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга мыйзамда белгиленген тартипте укуктук баа берилет.
Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу тапшырылды. Алардын катарында ыкчам чара көрүү системасын өркүндөтүү, тоолуу жерде туруктуу байланышты камсыз кылуу, куткаруу бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз убагында тартуу бар.
“Жашы жете элек Амир Кунакуновдун каза болушу оор кайгы болду. Өлкө жетекчилиги анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коркунучта калган адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү жана мындай трагедияларга жол бербөө мамлекеттик органдардын эң маанилүү милдеттери болуп саналат.
Кабыл алынган чечимдер аныкталган кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти камсыз кылууга, куткаруу кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мындай окуялардын алдын алууга багытталган. Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана шашылыш чара көрүү системасын өркүндөтүү маселелери өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат”, – деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берген.
Эске сала кетсек, 2026-жылдын 7-ноябрында саат 19:02де 112 бирдиктүү шашылыш кызматтардын номерине тоолуу жерде түшүп бара жатып багытын жоготкон жашы жете элек өспүрүмдөн куткаруучуларга жардам сурап кайрылган билдирүү түшкөн. 9-ноябрда Электро чокусунун районунда издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдүн сөөгү табылган.